Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

УКМК: милициянын бөлүм башчысы 150 миң сом пара менен кармалды


УКМКнын коррупцияга каршы кызматы ИИМге караштуу мамлекеттик адистештирилген көзөмөл кызматынын Ноокат районундагы бөлүм башчысы, милициянын подполковниги З.Аны 150 миң сом пара берип жаткан жеринен кармады.

Билдирүүдө айтылгандай, март айында З.А.га жамааттык даттануу түшүп, анда жетекчи объектилерди кайтаргандыгы үчүн келип түшкөн акча каражаттарын өзүнө мыйзамсыз ыйгарып алууда деген жүйө келтирилген.

“Ош-Аудит” аудитордук компаниясынын текшерүүлөрүндө жана арызда көрсөтүлгөн фактылар аныкталган.

Натыйжада З.А. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерине табылган мыйзам бузуу фактылары боюнча маселенин оң чечип берүү үчүн 150 миң сом суммада пара сунуштап, акча берип жатканда кармалган.

Учурда бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесине (пара берүү) ылайык, кылмыш иши козголуп, сот тарабынан З.А. үй камагына алынды. Учурда тергөө иштери уланууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG