Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Президент өкмөт башчынын министрлерди бошотуу сунушун чектеген эрежелерди жоюуну сунуштады


Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊештин депутаттарына "Өкмөт жөнүндөгү" мыйзамда премьер-министрдин министрлерди кызматынан бошотуу тууралуу сунуштарды киргизүүсүн чектеген мүчүлүштүктөрдү жоюу сунушун жиберди.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, президенттин тапшырмасында – министрди кызматынан алуу сунушунда премьер-министрди негизсиз чектеген мүчүлүштүктөрдү жоюу зарылдыгы жаралууда.

6-мартта премьер-министр Темир Сариев транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизген. Ошол эле күнү президенттин аппараты өкмөттүн бул сунушун укуктук жактан тууралап жөнөтүү үчүн кайра артка кайтарган. (SDz)

XS
SM
MD
LG