Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Жатаканадагы өрттөн 14 адам ооруканага кайрылды


№1 жатаканадагы өрттө студенттер эвакуацияланды
№1 жатаканадагы өрттө студенттер эвакуацияланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташмамбетовдун "Азаттыкка" билдиришинче, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин №1 жатаканасында өрттү өчүрүүгө эки машине тартылды. Алдын ала маалымат боюнча имараттын 80 чарчы метр аянтын өрт жалмап, изге ууланып 14 адам 4-шаардык ооруканага жаткырылды.

Өрт өчүрүүчүлөр "тилсиз жоону" 45 мүнөттүн ичинде өчүргөн. Маалыматтар боюнча өрт биринчи кабатта чыккан учурда, ал жакта студенттер болгон эмес.

Бүгүн №1 жатаканада өрт 11:51де чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG