Бишкекте өтүп жаткан хоккей боюнча "Азия чакырыгы" кубогунун оюндарында малайзиялык 16 жаштагы Едрис Икмал (Adris Ikmal) оор жараат алып, "Тез жардам" кызматы аны №4 шаардык ооруканага алып кетти. Бул тууралуу аталган аймакта жүргөн кабарчыбыз билдирди.
Окуя мелдештин 3-турунда Кыргызстан менен Малайзиянын командаларынын беттешинде болду.
Оюндун 2-бөлүгүнүн 17-мүнөтүндө жараат алган оюнчу кыргыз хоккейчилеринин бири менен сүзүшүп бортко барып тийген. Алдын ала маалыматтарда малайзиялык оюнчу белинен жаракат алганы айтылууда.
Учурда оюндун 3-бөлүгү жүрүүдө. Азырынча 8:4 эсебинде кыргыз хоккейчилери алдыда.
Хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморкановдун "Азаттыкка" кабарлаганына караганда, доктурлардын соңку маалыматы боюнча, малайзиялык спортчу белин оорутуп алган, эч кандай сынык жок. (ECh)