Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Ставрополдо чабуул жасоого аракеттенген үч жанкечти аныкталды


Милиция кеңсесине кол салуу аракетинен кийин Страврополдун Новоселицк районунда антитеррордук операция режими киргизилди. 11-апрель, 2016-жыл.
Милиция кеңсесине кол салуу аракетинен кийин Страврополдун Новоселицк районунда антитеррордук операция режими киргизилди. 11-апрель, 2016-жыл.

Орусиянын Антитеррордук комитети билдиргендей, алардын үчөө аталган крайдын Новоселицк районундагы Китаевко кыштагынын тургундары.

Антитеррордук комитет жанкечтилер 33 жаштагы Заур Акаев, 25 жаштагы Рамзан Хайбуллаев, 20 жаштагы Исай Абдулатипов болгонун айтты.

Жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн башында Новоселицк райондук милиция кеңсесине үч “жанкечти-террорчу” кирүүгө аракеттенип, алардын экөө окуя учурунда атып өлтүрүлдү, үчүнчүсү өзүн-өзүн жардырып жиберди деп билдирген. Бирок кийинчерээк тергөөчүлөр алардын үчөө тең өзүн жардырганын айтышты. Окуя Москва убактысы боюнча саат 11лерге жакын болгон.

Ставрополдун күч түзүмдөрү бул окуя учурунда эч ким жабыркабаганын билдирүүдө. Орусиянын аталган крайы исламчыл согушкерлер активдүү Түндүк Кавказ чөлкөмүнө жакын жайгашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG