Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Атамбаев: кризис шартында өкмөттү ыкчам шайлоо керек


Президент А. Атамбаев фракция лидерлери менен.
Президент А. Атамбаев фракция лидерлери менен.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн көпчүлүк коалициянын лидерлери менен жолукту. Анда мамлекет башчы кризис шартында жана жазгы талаа жумуштары кызып турган кезде Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттү дайындоо жана анын программасын бекитүү маселелерин мүмкүн болушунча тез арада караш керектигин айтып, өкмөттүн курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кийинчерек деле караса болорун билдирди.

Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, «Ата Мекен» фракциясынын өкүлү Сайдулла Нышанов катышты.

Буга чейин өздүк булактар “Азаттыкка” премьер-министрлик кызматка учурдагы президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталып жатканын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG