Таласта зордукталган өспүрүм кыз боюнча иш райондук сотто кайра башынан каралмай болду. Мындай чечим кечээ Жогорку Сотто кабыл алынды.
Ата-энеси ажырашып кетип, эжелеринин колунда жүргөн кызга жакын тууганы Эрлан Дөлөнов 2 жыл бою сексуалдык зомбулук көрсөтүп келгени тергөө учурунда далилденген.
Бакай-Ата райондук соту кылмышкерди былтыр июль айында 2 жылга шартуу түрдө кескен. Кийин бул өкүмдү облустук сот да колдогон.
Жогорку Сот эки инстанциянын тең өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра карап чыгарууну буюрду. Себеби Дөлөновго тагылган айып боюнча ал 8-15 жыл эркинен ажыратылышы керек болчу. (RK)