Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

“Сүтак” Германиянын 33 шаарында көрсөтүлөт


Жаш режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” тасмасынын немис тилине которулган варианты бүгүнтөн тарта Германиянын 33 шаарында прокатка чыга баштайт. Бул тууралуу «Айтыш фильмдин» өкүлү Чолпон Идрисова кабарлады.

Бул өлкөнүн ири шаарларында өтүп жаткан бет ачар аземдерине режиссер өзү катышып, көрүүчүлөр менен жолугууда.

“Сүтак” - Мирлан Абдыкалыковдун толук метраждуу алгачкы автордук тасмасы. Анда тоодо жашаган көчмөн кыргыз үй-бүлөсүнүн окуясы тартылган.

Буга чейин тасма эл аралык ондон ашык фестивалга катышып, жеңиштерге жеткен.

Фильмди “Айтыш-фильм” “Ой Арт” студиясы менен биргеликте тарткан. Башкы продюсери Садык Шер-Нияз. (RK)

XS
SM
MD
LG