Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:07

Байден: Украинанын жаңы өкмөтү реформаларды алдыга жылдыруусу керек


АКШнын вице-президенти Жо Байден Украинанын жаңы дайындалган премьер-министри Владимир Гройсман менен телефондон сүйлөшүп, жаңы министрлер кабинети жана өкмөттүк программанын бекитилиши менен куттуктады.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Байден Украина эл аралык колдоого ээ болуусун улантуу үчүн жаңы команда реформаларды алдыга жылдырып, Валюта фондунун алдындагы милдеттерин так аткарып, өлкөнүн чыгышындагы согушту токтотуу боюнча Минск келишимин сактап, жаңы жана реформачыл Башкы прокурорду тандашы керектигин белгиледи.

Кечээ Украинанын премьер-министрлигине Жогорку Раданын мурдагы спикери Владимир Гройсман бекитилди. Ал коррупция менен күрөштү баштап, Европа менен байланышты күчөтүүгө аракет жасаарын билдирди.

Гройсман баштаган жаңы өкмөт коррупция жаңжалына жана өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилерге каршы күрөшкө байланыштуу өткөн жумада отставкага кеткен Арсений Яценюктун министрлер кабинетинин ордуна келди. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG