Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Германия жана Франция Украинанын жаңы өкмөтүн реформаларды ишке ашырууга чакырды


Володимир Гройсман. Киев, 14-апрель, 2016-жыл.
Володимир Гройсман. Киев, 14-апрель, 2016-жыл.

Реформаларды ыкчам ишке ашыруу зарылчылыгы тууралуу француз президенти Франсуа Олланд, немис канцлери Ангела Меркел бүгүн украин президенти Петро Порошенко менен телефон сүйлөшүүсү учурунда билдиришкен.

Алар жаңы премьер-министр Володимир Гройсмандын өкмөтүн экономикалык реформалар менен катар Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен жаңжалды жөнгө салууну караган Минск тынчтык келишимдеринин шарттарын да ишке ашырууга үндөөдө.

Украин өкмөтү премьер-министр Гройсманды жана анын өкмөтүн кечээ бекитти.

Муну менен Киевдин чет элдик донорлордон каржылык жардам алышына тоскоолдук кылган саясий белгисиздик аяктагандай болду.

Француз президенти, немис канцлери алдында кечээ Гройсманды реформаларды ыкчам ишке ашырууга АКШнын вице-президенти Жо Байден да чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG