Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Путинге каршы доо арызды кабыл алган судья кызматтан бошотулду


Саратов облусунун Арбитраждык сотунун судьясы Татьяна Лескинанын ыйгарым укугу өз арызына ылайык квалификациялык коллегиянын чечими менен токтотулду.

Мындай маалымат аталган облустагы соттордун квалификациялык коллегиясынын сайтында бүгүн жарыяланды. Жыйырма жылдык таржрыйбасы бар судья Лескина 7-апрелде Саратов облусунун Балаково шаарынын тургуну Николай Суворовдун президент Путинге каршы арызын кароого алган эле.

Арыз берген тургун Путинди “Орусияны талап-тоноого жоопкер", “эл душманы” деп атап, соттон президенти кызматтан четтетүүнү талап кылган.

Судья арызды кароону алгач 28-апрелге мерчемдеп, бирок кайра президентти Конституциядагы кол тийбестигине негиздеп, арызды четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG