Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Жапонияда алты кишини уранды астынан алып чыгышты


Куткаруучулар эки күн мурда Кумамото префектурасында болгон жер титирөөдө кулаган имараттардын алдынан мурда каза тапты деп кабарланган алты кишини алып чыгышты.

Соңку маалыматтарга караганда, акыркы жер титирөөдөн 470 киши жараат алган. Өкмөт өкүлдөрү урандылардын алдында дагы кишилер калганын билдирүүдө. Кумамото префектурасынын администрациясынын өкүлү Такаюки Мацушито азыр жети киши каза болгонун билдирүүдө.

Бул арада Жапониянын метеорологиялык агенттиги Асо жанар тоосунун козголуп жатканын, андан чыккан түтүн 100 метрге чейин көтөрүлгөнүн кабарлады. Агенттик вулкандын коркунучун 5 баллдык шкала менен эсептеп, экинчи деңгээлде экенин билдирди.

Жер титирөө 15-апрелде 6,2 баллдык силкинүүнү көргөн Кюсю аралындагы жергиликтүү калктын тынчын алууда. Андан аз дегенде 15 киши каза таап, миңден ашуун киши жараат алган. (AzK)

XS
SM
MD
LG