Футзал боюнча өлкө биринчилиги үчүн финалдык мелдештер Жалал-Абад шаарында өтүп, анда Оштун SRT командасы жеңишке жетишти. Ал эми 2- орунду Жалал-Абаддын "Динамо" командасы ээлесе, 3-орунга Бишкектин "Фарвартер” футболдук командасы ээ болду.
Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Ырыскелди Мусаев өлкөдө кичи жана чоң футбол өрүш алганын белгилеп, командаларга ийгилик каалады.
Финалдык беттештер 15-16- апрель күндөрү шаардагы "Динамо" спорт клубунда өтүп, ага беш команда катышкан. Ал эми өлкө биринчилиги үчүн мелдештер А жана Б тобунда күз айларынан бери өткөрүлүп келген. (RsK)