Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Түркиянын Соода биржалар жана палаталар бирлигинин төрагасы Мустафа Рифат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы алака-катыштын азыркы абалы жана келечеги талкууланды.
Байланышты активдештирүү жана экономиканын приоритеттүү тармактарына инвестиция тартуу тууралуу сөз болду.
Өзгөчө көңүл Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусунан кийинки жана преференциялардын ВСП + макамына жетүүсүнө байланыштуу абалга бурулду. (RK)