25 жыл мурун Өзбекстан парламенти - Олий Кенгаштын тарыхый жетинчи сессиясында өлкө президенти Ислам Каримовду сындаган мурунку депутат Шухрат Нусратов абактан бошотулду.
1991-жылы “Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматын түзүү жөнүндө” мыйзам талкууланып жаткан кезде Нусратов атайын кызмат президентке гана кызмат кылууга негизделип калганын айтып, мамлекет башчыны да сындаган эле.
Андан бери басым астында жүргөн Шухрат Нусратов саясаттан кетип, ишкерлик менен алектене баштаган. 2012-жылы экономикалык кылмыштарга айыпталып, камакка алынган.
Ал 18-апрелде мөөнөтүнөн мурда бошотулганын жергиликтүү булактар кабарлады.