Үркүндүн 100 жылдыгына карата Караколдо коюлчу айкел боюнча акыркы чечим кабыл алынды. Бул туурасында облустук архитектуранын жетекчиси Сабырбек Байымбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, сынактын жыйынтыгы менен Марлен Бакачиевдин эмгеги тандоодон өттү.
Курулуш иштери жакын арада башталмакчы. Долбоордун баасы 5 миллион сомго бааланган. Эстеликти өзүн жасоого 4 миллион сому кетсе, калганы айлана-тегерегин көрктөндүрүү иштерине жумшалат. Жеңип чыккан скульпторго 100 миң сом сыйлык берилет. Эстелик Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлат. Каражат президенттин фондунан жана облустук бюджеттен бөлүнмөкчү. (AsM)