Идлиб провинциясында абадан урулган соккудан ондогон адамдар жабырланганын Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзүү борбору кабарлады. Чабуул Маарет аль-Нууман жана Канфранбел шаарларындагы базарларга жасалган. Мерт кеткендердин арасында үч бала бар экени айтылууда. Укук коргоочулар курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн божомолдоп, Маарет аль-Нуумандагы соңку окуяны ок атышууларды токтотуу жараяны башталгандан берки кандуу чабуул катары баалашууда.
Аталган укук коргоо борборунун билдирүүсүндө, эки шаар тең көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө. Ошол эле маалда көз карандысыз байкоочулар бул маалыматты тастыктай элек. Сириядагы адам укуктары боюнча борбор өлкөнүн түндүк-батышында салгылашуунун токтобой жатышы февралда Орусия жана АКШнын ортомчулугу аркылуу жетишилген өкмөт менен оппозициянын тынчтык келишиминин болочогун туңгуюкка кептеп жатканын айтууда. (NT)