НАТО менен Орусия түшүнбөстүктөргө карабай “ачык жана олуттуу” сүйлөшүү жүргүзүшкөнүн НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жолугушуудан кийин билдирди.
НАТО кеңеши менен Орусиянын жыйыны Крымдын аннексиясынан кийин эки жылдан бери биринчи ирет Брюсселде өттү.
Москва Украина чыгышындагы жикчилдерди колдоону улантып жатканын эскерткен Столтенберг Орусия Минск келишимин аткарууга өзгөчө жоопкер экенин белгиледи. Ошондой эле Крым жана Донбасстагы кырдаал боюнча Түндүк альянс менен Орусиянын ортосунда пикир келишпестиктер бар.
Ал эми Орусиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Александр Грушко кийинки жолугушуу күн тартибине позитивдүү тема коюлса гана мүмкүн болорун айтты. Бирок андай тема жок экенин да белгиледи.
Грушко Орусия менен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун чындап бекемдеген кызматташтык долбоорлору токтоп калганын да кыстарды.