Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Грецияда Бразилия Олимпиадасынын оту жанды


Олимпиада отун грециялык актриса Катерина Лехоу жандырды.
Олимпиада отун грециялык актриса Катерина Лехоу жандырды.

Бразилияда ушул жылдын августунда өтчү жайкы Олимпиаданын оту бүгүн Грециянын түштүгүндө жандырылды. Олимпиада оту - шамаланы Бразилияга үчүнчү майда жеткирүү пландалууда. Олимп оюндарынын отун күйгүзүү жөрөлгөсү 80 жыл мурда - 1936-жылы Берлинде өткөрүлгөн оюндарда башталган.

Быйылкы отту күйгүзүү аземинин башында грециялык актриса Катерина Лехоу Байыркы Грециядагы жарык кудайы Аполлонго багыштап дуба окуду.

Эл аралык Олимпиада комитетинен маалым болгондой, жандырылган отту эми Бразилияга расмий өткөрүп бергенге чейин алты күн Грециянын бардык аймактарын, анын ичинде Афинадагы качкындар лагерин да кыдыртып өтүшөт.

Олимпиадалык оюндардын ачылыш аземи Рио-де-Жанейродо 5-августта өтөт.

XS
SM
MD
LG