Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:47

Улуттар уюмунун качкындар жана жарандыгы жоктордун санын кыскартуу башкармалыгы Кыргызстанда жүргүзүп жаткан долбоордун негизинде 11,069 кишинин жарандыгы жоктугу аныкталган. Мамлекеттик каттоо кызматы менен чогуу жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 2014 - 2015-жылдарда 7700 кишиге жарандык берилди. Калган адамдардын иштери быйыл каралат. Бул тууралуу БУУнун качкындар жана жарандыгы жоктордун санын кыскартуу башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлү Маки Шинохара журналисттерге билдирди:

-Жарандыгы жок жүрүү бүгүнкү күндө өтө көйгөйлүү маселе болууда. Дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдардын жарандыгы жок. БУУ бул маселени 2024-жылга чейин чечүү милдетин койгон. Кыргызстан жарансыздыкты жоюу боюнча ийгиликтүү иштеп жаткан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири.

БУУнун колдоосу менен Кыргызстанда 1974-жылкы СССРдин паспорту менен жүргөн, 1994-жылкы паспортун алмаштырбай калып кеткен жана башка жарандыгы такталбаган адамдарга паспорт берилип келе жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG