Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Австрияда президенттик шайлоо өтүүдө


2004-жылдан бери Австриянын президенти болуп келе жаткан Хайнц Фишердин мөөнөтү июль айында аяктайт.
2004-жылдан бери Австриянын президенти болуп келе жаткан Хайнц Фишердин мөөнөтү июль айында аяктайт.

Президенттик шайлоо элдин өкмөттүн миграциялык кризисти тескөөдөгү аракетсиздигине нааразычылыктарын билдирүүсү менен коштолду. Ушундан улам шайлоонун биринчи айлампасында талапкерлердин бири да жеңишти камсыздап берүүчү өлчөмдөгү добушка ээ боло албасы күтүлүүдө. Экинчи айлампа бир айдан соң, 22-майда болот.

2004-жылдан бери Австриянын президенти болуп келе жаткан Хайнц Фишердин мөөнөтү июль айында аяктайт.

Президенттик кызматка алты талапкер ат салышууда, бирок булардын үчөөндө эле жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда. Алар: “Жашылдар” партиясынын мурунку лидери Александр Ван дер Беллен, оңчул оппозициялык "Эркиндик" партиясынын талапкери Норберт Хофер жана Жогорку соттун экс-төрагасы Ирмгард Грисс.

Алдын ала сурамжылоолорго караганда, буларды шайлоочулардын 22-25% колдойт. Калгандарынын экинчи айлампага чыгуусуна үмүт аз деп билдирди DPA агенттиги.

Австриянын президенти алты жылга шайланат. Жеңишке жетишүү үчүн талапкерлердин бири шайлоого катышкандардын жарымынан көбүнүн добушун алууга тийиш.

XS
SM
MD
LG