Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:26

АКШ прокурору Гүлнара Каримовадан 550 млн долларды өткөрүп берүүнү талап кылды


Президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова

Прокурордун айтымында, өзбек президентинин кызы жана аны менен байланышкан бир нече тараптар акчаны өткөрүп берүү боюнча соттун талабын аткарган эмес. Сөз Швейцария банкы аркылуу адалданган 500 млн доллардан ашуун сумма жөнүндө болууда. Бул иш боюнча Манхеттен сотуна прокуратура тарабынан 21-апрелде жолдонгон арызда Гүлнара Каримованын ысымы биринчи жолу ачык аталган.

Президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримованын ишкер өнөктөрү Гаяна Авакян жана Рустам Мадумаров экени кабарланган. Расмий Ташкен да Гүлнара Каримованын ишкерлигине чек койгону белгилүү. (AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG