Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Дональд Трамптын атаандаштары биригүүнү чечишти


Партиялык атаандаштар.
Партиялык атаандаштар.

Республикачылдардын атынан АКШ президенттигине талапкерликке ат салышып жаткан сенатор Тед Круз жана Огайо штанынын губернатору Жон Кейсик Дональд Трампты алдыга өткөрбөө үчүн биргелешип аракет кылууну макулдашты.

Саясатчылар айрым штаттарда бири-бирине каршы сөз айтпоого убада кылышты. Бул тууралуу Круз менен Кейсиктин шайлоо штабдарынан билдиришти.

Шайлоого чыкчу талапкерди тандоодо бай миллиардер Трамп азырынча алдыда баратат. Анын респубикалык партиядан талапкер катары чыгышын каалабагандар бир нече убакыттан бери ушундай тактикага үндөп келатышкан.Трамп болсо атаандаштары мындай кадамга “айла жоктон” барып жатышат деген пикирде.

Республикачылардын талапкери 18 - 21-июлда Кливленддеги партиялык курултайда аталмакчы. Президенттик шайлоо АКШда 8-ноябрда өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG