Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажырагандар өзүнчө абакка которулууда


Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган жарандар атайын абакка которулууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

2007-жылы Чүйдүн Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын жанындагы №19 абакта өзүнчө режимдик корпус курула баштаган. Анын биринчи имараты толугу бойдон бүткөрүлүп, быйыл февраль айында пайдаланууга берилди.

Учурда экинчи корпусунун курулушу жүрүп жатат.

Өлүм жазасына мораторий киргизилген Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси боюнча өтө оор кылмыш жасагандар, өмүрүнүн аягына чейин кесилген жарандар башка соттолгондордон өзүнчө кармалышы керек.

Мындай кылмышкерлердин саны 300гө жакын.

Атайын жайдын жоктугунан улам алар Бишкектеги №1 тергөө абагынын жертөлөсүндө кармалып келүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG