Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Обама: Путин Европанын бирдиктүү болушун каалабайт


АКШ президенти Барак Обаманын айтымында, президент Владимир Путин Европанын биримдигин коркунуч катары көрөт жана аны бузууга умтулат.

26-апрелде CBS News телеканалына чыга турган интервьюсунда Обама ага мисал катары мигранттар кризисин келтирди. “Европанын биримдигине коркунуч келтирип жаткан ашкере оңчул күчтөрдү Путин мырзага окшогон кишилер пайдаланууда”,- дейт Обама.

АКШ президентинин айтымында, ал Путинге НАТО жана Европа Биримдиги Орусияга коркунуч келтирбесин, бирдиктүү жана кубаттуу Европа Орусия үчүн пайдалуу экенин түшүндүрүүгө аракет жасаган. Бирок Путинди ынандыра алганына күмөн санайт. Барак Обама Европа террордук коркунуч, мигранттар кризиси сыяктуу чечүүчү мезгилди башынан кечирип жатканын, мындай учурда биримдик керектигин белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG