Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Ашраф Гани: Пакистан талиптерди сүйлөшүүгө чакырбай, каршы күрөшүүсү керек


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстан президенти Ашраф Гани мындай талапты 25-апрелде ооган парламентинде билдирди. Мындан бир жума мурун Кабулда талиптер ири террордук акция уюштуруп, анда 64 киши өлүп, 340 киши жарадар болгон эле.

Ашраф Гани Ооганстан мындан ары Пакистандын талиптерди сүйлөшүүгө алып келишин күтпөй, өз аймагындагы талиптерге каршы операция жүргүзүүсүн талап кыларын ырастады. Ооган бийлиги Исламабад Пакистан аймагында талип лидерлерине жана алардын машыгуу жайларына көз жуумп келатканы белгилүү.

АКШ, Кытай, Пакистан жана Ооганстан талиптер менен Кабулдун ортосунда сүйлөшүүнү баштоого аракеттенген. Бирок талиптер ага катышуудан баш тарткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG