Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:43

Ак үй алдында «Таза оппозициялык кыймылдын» митинги болууда


Бишкектеги Акүй.

Бүгүн Акүй алдында «Таза оппозициялык» кыймылдын митинги башталды. Ага катышып жаткан аталган Кыргызстан патриоттук партиясынын мүчөсү Дамира Токтосунова бийликке 10 талап менен чыгышканын «Азаттыкка» айтты:

-30-мартта 2016-жылы Кожомкул атындагы спорт сарайында биз бүткүл республикалык элдик курултайды өткөргөнбүз. Ошондогу резолюциянын талаптарын азыр мына ушинтип эл алдына алып чыгып жатабыз.

Токтосунова алар өткөрүп жаткан митинг мыйзам чегинде экенин, атайын уруксат алышканын жана бул кадамга бийлик алардын арызын укпай койгондон улам барып жатышканын кошумчалады. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG