Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Аба ырайы: жаан жаайт, тоолорго кар түшөт


Бүркүтчү.
Бүркүтчү.

30-апрелден 4-майга чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүлүп турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба жумуштарын, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

28-апрелде Кыргызстанда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градустан жогору.

28-апрелде Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 10…12 градус, күндүз 24…26 градус жылуу.

XS
SM
MD
LG