Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Жер көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө уланууда


Жер көчкү жүргөн аймактын тургундары
Жер көчкү жүргөн аймактын тургундары

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында көчкү астында калган 15 жаштагы Урмат уулу Эрланды издөө бүгүн да уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Кечээ кечинде Үч-Чат участогунда жер көчүп, бир үйдү басып калган, жарым сааттан кийин Башы деген аймакта да жер жылып, алты үйдү басып калган.

Адистер жер көчкү коркунучу тууралуу жергиликтүү тургундарды 15-апрелден бери эскертип келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG