28-апрелде Азербайжандын расмий өкүлдөрү билдиргендей, Тоолуу Карабак тараптан өткөн түнкү артиллериялык атуулардан бир адам набыт болуп, сегиз киши жаракат алды.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин ырастоосунда, Тоолуу Карабактагы жикчил күчтөр артиллериядан Тертер жана Агдам райондорун аткылашты, бул ок атышууну токтотуу боюнча 5-апрелдеги макулдашууну бузгандык.
Ал эми Армения колдогон Тоолуу Карабактын бийликтери Азербайжандын ырастоосун четке кагып, тескерисинче, Бакуну аларга каршы танктарды, минометторду, бир учурда бир нече ракета атуучу системаларды колдонгону үчүн күнөөлөдү.
Тоолуу Карабактын бийликтери апта башында Азербайжандын соккуларынан алардын үч аскери курман болгонун кабарлашкан.
Армяндар басымдуулук кылган Тоолуу Карабак Азербайжандан 1990-жылдардагы согуштун натыйжасында ажырап кеткен. Андагы уруштарда 30 миңдей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)