«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлдөрү Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга бүгүн гуманитардык жардам жеткиришти. Жабыркаган үй-бүлөлөргө жана кырсыктын кесепеттерин жоюу, тазалоо иштери менен алектенген куткаруучуларга тамак-аш азыктары берилди.
Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат жана Башы деген эки жеринде 27-апрелде жер жылып, жети үйдү басып калган. Андан каза тапкан өспүрүмдүн сөөгү бүгүн табылды. Үч-Чат жайлоосунда бүгүн да көчкү жүрүп, жеңил автоунаа анын алдында калганы кабарланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул аймакта көчкү коркунучу жогору экенин эскертүүдө. (NT)