2016-жылдын биринчи кварталында "Кумтөрдө" алтын өндүрүүнүн көлөмү 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 49 пайызга азайды. Бул тууралуу “Центерра Голд” компаниясы тараткан маалыматта айтылат. Андагы кабарга ылайык, мындай төмөндөө алтын кендин тоо тектеринин алтын кошулмасы аз жерине жеткенине байланыштуу. Анткен менен компания кийинки кварталдарда өндүрүш көлөмү жогорулай турганын ырастоодо.
“Центерра Голддун” маалыматы боюнча, "Кумтөр" 2016-жылдын биринчи кварталында 33 165 унций же 0,94 тонна аффинаждала элек (доре куймасы) алтын өндүргөн.
3-майда "Центерра Голддун" директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда быйылкы жылдын үч айлык өндүрүштүк көрсөткүчтөрү каралды. (BkA)