Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнот чыгарууну токтотту


Европа борбордук банкы 500 евролук банкнот болжол менен 2018-жылдын соңуна чейин чыгарылбай турганын жарыялады. Шаршемби күнкү билдирүүдө айтылгандай, бул аралыкта акчанын баалуулугу азыркы калыбында сактала бермекчи.

Борбордук банк бул чечимди коопсуздукка байланыштырууда. Талдоолор көрсөткөндөй, эгер бул кадамга барбаса, 500 евролук акча терроризмди каржылоочулардын ишин жеңилдетет.

500дүк банкноттордон турган миллион евро акча эки килограмм 200 граммды түзөт жана ноутбук салчу сумкага оңой батат. Ал эми 50 номиналындагы миллион евро 22 килограммдан ашат жана аны салганга чоң спорттук сумка керек.

XS
SM
MD
LG