Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Европа шаарларында террор уюштурууга шектүүлөр Италияда кармалды


Полиция операциясы.
Полиция операциясы.

Италия өкмөтү мамлекетте террордук акт уюштурууну пландаган деген шек менен ооганстандык эки, пакистандык бир жаран кармалганын маалымдады. Расмий кабарда алар Италияда, Британияда жана Францияда жардырууларды уюштуруу максатын көздөп жүрүшкөнү айтылат.

Бирок прокурор Роберто Росси колго түшкөндөрдун жардыруу пландары боюнча азырынча эч кандай далил жок экенин билдирди. Анын айтымында, шектүүлөр – Хаким Насирий, Гулистан Ахмадзай жана Зулфикар Амжад террорчулукка жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөн болушу ыктымал.

Алардын телефондорундагы видео жана фото материалдардан улам Рим, Париж жана Лондон калааларында жардырууларды уюштурууга камылга көрүшкөн деп бүтүм чыгарылган.

XS
SM
MD
LG