Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Улуттук Гвардиянын кол башчысы Мелис Сатыбалдиев кызматтан бошотулду


Кыргыз жоокерлери
Кыргыз жоокерлери

Улуттук Гвардиянын кол башчысы Мелис Сатыбалдиев кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сатыбалдиевдин кызматтан кетишинин себеби айтылган жок.

Буга чейин Улуттук Гвардияда аскерлердин өлүмү менен коштолгон окуялар катталган. Өткөн жумада Гвардияга караштуу Кара-Көлдөгү аскер бөлүктө эки аскер мушташып, бирөө каза болгон.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаровду да кызматтан алган. Анын ордуна Чек ара кызматынын башчысы болуп эмгектенип келген Раимберди Дүйшөмбиев дайындалды.(BkA)

XS
SM
MD
LG