Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Нарын: Агахандын өкүлдөрү имамдар менен жолукту


Нарын шаарында курулуп жаткан Борбордук Азия университети
Нарын шаарында курулуп жаткан Борбордук Азия университети

Агахан өнүктүрүү фондунун Кыргызстандагы өкүлү Шамш Кассим Лакха Нарындын казысы жана облус аймагындагы имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу Нарын шаарында курулуп жаткан Борбордук Азия университетинин айланасындагы кооптонууларга жооп берүү максатында уюштурулган.

Жолугушуу аталган окуу жайдын имараттында өттү. Дин өкүлдөрүнүн бир катар суроолоруна жооп берген Шамш Кассим Лакха окуу жай эч кандай диний багытта окутпай тургандыгын айтты.

- Улуу даражалуу Агахан пайгамбарыбыз Мухаммеддин күйөө баласы Азирети Алиден кийинки 49-имам. Өзүңүздөр билгендей, биз ислам дининин шииттер агымына киребиз. Ал эми Агахан фонду эки тараптуу иш алып барат. Бири диний багытта болсо, экинчиси светтик багытта. Бул Нарында салынып жаткан университет светтик багытта, ошондуктан эч кандай динди окутат деп шектенбей эле койсоңор болот.

Университет салына баштагандан бери коомчулукта окуу жай исламдын шиит агымындагы диний көз караштарды алып келет деген пикирлер социалдык желелерде кызуу талкууланып келет. Кыргызстандагы мусулмандар ислам дининин суннит агымында.(MiK)

XS
SM
MD
LG