Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Депутаттар “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбооруна каршылыгын билдирүүдө


Жогорку Кеңеште “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда. Жыйындын жүрүшүндө айрым депутаттар парламент өзү эл аралык уюмдар менен биргеликте бир катар долбоорлорду ишке ашырып келе жатканын эске салышты.

Депутат Карамат Орозова мыйзам кабыл алынса парламенттин ишмердигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин айтып чыкты.

Депутат Аида Салянова мыйзамда аны аткаруу механизмдери көрсөтүлбөгөнүн жана аны кабыл алуунун эч кандай мааниси жок экенин белгиледи.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Жанар Акаев бул мыйзам долбоорду иштеп чыккан мурдагы чакырылыштагы депутаттар Орусияда кабыл алынган мыйзамды 95 пайыз көчүрүп алганын жана ал Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөргө терс таасирин тийгизирен айтып чыкты.

Чет жактан каржыланган “Коммерциялык эмес уюмдарды” “агент” деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нурадил Мадаминов жана Надира Нарматова иштеп чыккан.

Мыйзам долбоордун талкуулоо учурунда "агент" сөзү алынып салынган. Мыйзам долбоордун акыркы редакциясында “Коммерциялык эмес уюмдун” финансылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчётун ачык жарыялоону милденттендирүү каралган. (BkA)

XS
SM
MD
LG