Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Атамбаев Ирандын министри менен темир жол курулушун талкуулады


Бейшембиде президент Алмазбек Атамбаев Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахундини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда транспорт, энергетика жана аба каттамдар чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды.

Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахунди «Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран» темир жол курулуш долбоорун иш жүзүнө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Аббас Ахунди баштаган делегация Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышуу үчүн келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG