Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Eurovision-2016: финалисттердин баары аныкталды


Швециянын Стокгольм шаарында 12-майда Eurovision-2016 эл аралык популярдуу шоу сынагынын жарым финалы аяктап, финалга жолдомо алган өлкөлөр аныкталды. 14-майда төмөнкү 26 мамлекеттин ырчылары баш байге - хрусталь микрофон үчүн ат салышышат: Азербайжан, Армения, Австрия, Австралия, Бельгия, Болгария, Британия, Венгрия, Германия, Голландия, Грузия, Кипр, Латвия, Литва, Мальта, Израил, Италия, Испания, Орусия, Польша, Сербия, Украина, Хорватия, Франция, Чехия жана Швеция.

Сынактын жарым финалынан Исландия, Черногория, Эстония, Сан-Марино, Молдова, Грекия, Босния-Герцеговина, Албания, Беларус, Дания, Македония, Норвегия, Словения, Швейцария, Ирландия жана Финляндия өтпөй калышты.

Европа телеберүү бирикмеси 61-ирет өткөрүп жаткан сынак быйыл “Бириккиле” деген ураан менен уюштурулду. Он алты миң кишиге ылайыкталган “Эрикссон-Глоб” ак сарайында өтүп жаткан сынакты быйыл АКШнын GloboTV каналы да түз алып көрсөтүүдө.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG