Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Тажикстанда балдар акыйкатчысы иштей баштады


Ражабмох Бадриддинова
Ражабмох Бадриддинова

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы Ражабмох Бадриддинованы Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматына дайындады. Ал ошол эле учурда омбудсмендин орунбасары да болот. Бадриддинованын талапкерлигин президент Эмомали Рахмон сунуштаган.

Былтыр декабрда тажик парламенти кабыл алган мыйзамга ылайык балдардын укуктары боюнча акыйкатчы кызматы түзүлгөн.

Тажикстанда социалдык уюмдар менен жарандык коом балдарга карата зомбулуктун күч алышына, балдар эмгеги кеңири колдонулушуна жана тамак-аштын жетишсиздигине камтамачылык билдирип келишет.

Тажикстанда витамини аз тамак-аштан улам 300 миң баланын бою өспөй жатканын адистер изилдеп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG