Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Анжияндагы кандуу калабага 11 жыл толду


Өзбекстандан Кыргызстанга качып өткөн бозгундар. 2005-жыл, май.
Өзбекстандан Кыргызстанга качып өткөн бозгундар. 2005-жыл, май.

Өзбекстандын Анжиян облусунда жүздөгөн кишинин өмүрүн алган калабага быйыл 11 жыл толду. Өзбек өкмөтүнүн маалымдашынча, 2005-жылы 10-13-май күндөрү демонстрацияны басуу учурунда 187 адам набыт болгон. Бирок көз карандысыз булактар булоондо андан көп адам өлгөн деп ырасташат.

Анжияндагы көтөрүлүштө демонстранттар камакка негизсиз отургузулду деп эсептешкен 23 ишкерди коё берүүнү талап кылышкан эле. 13-майда түштөн кийин шаарга киргизилген аскерлер куралсыз элге ок ачкан. 14-майда 600дөн ашык өзбекстандык Кыргызстанга качып өтүп, кийин БУУнун жардамы менен башка мамлекеттерге качкын катары жөнөтүлгөн.

Эл аралык уюмдар окуяга укуктук баа берүүнү талап кылып келишет. Бирок өзбек бийлиги аны аткарбайт.

XS
SM
MD
LG