Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

АКШ элчиси “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери менен жолугушту


13-майда болгон жолугушууда тараптар Кыргызстандагы демократиялык жараян, өткөн парламенттик шайлоо, өлкөнүн экономикалык артыкчылыктары тууралуу сүйлөштү. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев Кыргызстан демократия багытында өнүгүп келе жатканын өткөн күздөгү парламенттик шайлоолор көрсөткөнүн белгиледи. Анын сөзү боюнча, бул шайлоодо парламентке жаңы партиялар келишти. Төрөбаев парламент мүчөсү катары бул багытты андан ары өнүктүрүүгө салым кошууга аракеттенерин айтты.

Элчи айым Шейла Гуолтни да акыркы парламенттик шайлоолорго оң баасын берип, АКШ Кыргызстандын узак мөөнөттүү өнөктөшү катары өлкөдө демократияны, туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөнү максат кыларын бекемдеди.

Фракция лидери ошондой эле АКШ элчисине “Өнүгүү-Прогресс” партиясы, анын айыл чарбасына, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө аракеттери тууралуу маалымат берди.

Бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматынан кабарлашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG