15-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25;
Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19..24;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26;
Баткенде түнкүсүн 10..15, күндүз 19...24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18;
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20 градус болот.
15-майда Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14, күндүзгү жогорку температурасы 22…24 градус жылуу болот.