Уюмдун лидери Бекболот Талгарбековдун адвокаты Тимур Жанаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов эки айга камалып,12-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында калды.
Биринчи Май райондук сотунда кечээ 13-майда кармалган Нурлан Мотуевдин да баш коргоо чарасы каралууда. Элдик-патриоттук кыймылдын лидери Нурлан Мотуев 12-майда өткөн "Элдик парламенттин" жыйынында өлкөгө шарият мыйзамдарын киргизип, Кыргызстанда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларындай жашоого үндөгөнү айтылган. (AzK)