Ала-Тоо аянтында бүгүн орнотула турган саат Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейинки убакытты эсептеп турат. Бул конструкциянын бийиктиги 3,5 метр, туурасы 1,2 метр болмокчу. Темирден улуттук стилде кооздолуп жасалган саат түнкүсүн күйүп турат. Ал санакты оюнга 111 күн калганда баштайт.
Сааттын ачылышына карата аянтта кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси болот. Ошондой эле ооз комузчулар жана ырчылар Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Жийдеш, Аяна, Айыма, Гүлзада өнөрлөрүн тартуулайт. Мындан тышкары, маданий акциялар уюштурулуп, белектер ойнотулат. Каалоочулар үчүн улуттук оюндар боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрь күндөрү өтөт. (AzK)