Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Казакстандык адвокат “Евразия+ОРТ” каналын сотко берди


Апрелде Казакстандагы жер маселесине байланыштуу нааразылык акцияларына жүздөгөн адамдар чыгышкан.
Апрелде Казакстандагы жер маселесине байланыштуу нааразылык акцияларына жүздөгөн адамдар чыгышкан.

Бүгүн Нурхан Жумабеков аттуу адвокат Алматынын Бостандык райондук сотуна орус-казак биргелешкен “Евразия+ОРТ” каналынын үстүнөн доо арыз менен кайрылды.

Буга телеканалдын Казакстандагы жакында эле болгон жер маселесине байланыштуу нааразылык акциялары кимдир-бирөө тарабынан төлөнгөн деген маалыматы себеп болду.

30-апрелде ободон каналдын журналисти “Мыйзамсыз акциянын башында тургандар ар бир келген киши үчүн 50дөн 100 долларга чейин алып турган” деп билдирген. Ошондой эле бул маалымат видео менен коштолгон. Анда бети көрсөтүлбөгөн адамдар бири-бирине акча берип жатканы көрсөтүлөт. Бул видео азыр социалдык тармактарда катуу талкууга алынууда.

Адвокат сот телеканалдан моралдык зыян келтирген үчүн 100 миң тенге өндүрүп берүүсүн талап кылууда.

Жерди чет өлкөлүктөргө көп жылга ижарага берүү үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү март жана апрель айларында коңшу өлкөдө калктын көчөгө чыгуусуна алып келген. Президент Нурсултан Назарбаев Жер кодексине киргизилген өзгөртүүнү күчүнө киргизүүгө бир жылга мораторий жарыялады.

XS
SM
MD
LG