Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Палестина жана Израил боюнча сүйлөшүү жылды


Израил менен Палестинанын ортосундагы Газа сектору
Израил менен Палестинанын ортосундагы Газа сектору

Франциянын ортомчулугу менен Палестина жана Израил ортосунда 30-майга белгиленген тынчтык сүйлөшүүлөрү кийинкиге жылдырылды. Франция президенти Франсуа Олланд шейшемби күнү билдиргендей, май айындагы сүйлөшүүгө АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин катыша албастыгына байланыштуу аны жайында өткөрүү макулдашылды.

Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху француздардын демилгесине каршылыгын билдирген. Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Париждеги саммитти колдоорун айткан.

Париждин сунушуна ылайык, Египет, Сауд Арабия, Иордания баштаган 20дан ашык мамлекеттин Франциянын баш калаасына чогулушат. Бирок саммитке Израил менен Палестина өкүлдөрү катышпайт.

Сүйлөшүүлөрдү жандандыруу боюнча саммит Парижде Израилдин каршылыгына карабастан өткөрүлөрүн Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эро билдирген болчу.

Соңку ирет АКШнын ортомчулугу менен өткөн Израил-Палестина сүйлөшүүлөрү 2014-жылы эч натыйжа бербестен токтоп калган.

XS
SM
MD
LG