Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 18:00

Бишкек мэри Албек Ибраимов жаш шахматчыларды куттуктады


Мэр Албек Ибраимов жаш шахматчылар Айжан Съездбекова жана Султай Чыңгыз менен

Бишкектин мэри Албек Ибраимов бүгүн Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган жаш шахматчылар менен жолукту.

Беш жашар Султай Чыңгыз менен Айжан Съездбекова Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өткөн эл аралык таймашта күмүш жана коло медал тагынган.

Шаар башчы аларды куттуктап, белек тапшырды.

Жеңүүчүлөрдүн ата-энелери жана Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов катышкан бул жолугушууда ошондой эле Бишкекте балдар үчүн Шахмат академиясын ачуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду.

Кыргызстанда соңку кезде шахмат спорту жакшы өнүгүп, балдар үчүн машыгуу борборлору ачылып, түрдүү турнирлер көп уюштурула баштады. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG