Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

EgyptAir компаниясынын учагын издөөдөн майнап чыга элек


19-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Airbus 320 учагы
19-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Airbus 320 учагы

Бейшембиге караган түнү Жер ортолук деңиздин үстүнөн дайынсыз жоголгон EgyptAir компаниясынын учагын издөө иштеринен майнап чыга элек. Буга чейин Грециянын Карпатос аралынын жээгинде компаниянын эн белгисине окшош ак-көк түстөгү сыныктар табылганы маалымдалган. Бирок кийинчирээк грек бийликтери маалыматты төгүнгө чыгарышты.

Парижден Каирге бараткан Airbus A320 лайнеринин бортунда экипаж менен кошо 66 киши, бардыгы болуп 12 өлкөнүн жарандары болгон. Египет өкмөтү теракт деген версияны жокко чыгарбайт, бирок кырсыктын себептери тууралуу азырынча сөз кылуу эрте деп белгиледи. Франция окуяны иликтөөгө жардам берүү үчүн үч тергөөчүнү Каирге жөнөттү.

XS
SM
MD
LG