Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Ирак Фаллужжа шаарын бошотуу операциясын баштады


Ирактын аскердик күчтөрү, 22-май,
Ирактын аскердик күчтөрү, 22-май,

Шаарды өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топтон бошотуу операциясы башталганы тууралуу Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади маалымдады. 22-майда телекөрсөтүү аркылуу аскерлерге кайрылуусунда Абади “Ислам мамлекетине” каршы күрөштө “улуу жеңиш мезгили жакын” экенин белгиледи. Фаллужа шаары Багдаддын батышында 65 чакырым алыстыкта жайгашкан. Фаллужжаны бошотуу операциясы башталганга чейин Ирак күчтөрү Багдаддын батышындагы Рутба шаарын бошоткон болчу. Багдаддан 380 чакырым алыстыктагы Рутба шаары Анбар провинциясынын четинде жайгашкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG